Ушул жылдын январь-март айларында пенсия жана жөлөкпулга 13 млрд 575 млн 300 миң сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Алсак:
- Бишкек шаарында — 2 млрд 181 млн 200 миң сом;
- Чуй облусунда — 2 млрд 57 млн 400 миң сом;
- Нарын облусунда — 1 млрд 82 млн 700 миң сом;
- Ысык-Көл облусунда — 1 млрд 236 млн 700 миң сом;
- Талас облусунда — 565 млн сом;
- Ош шаарында — 484 млн 900 миң сом;
- Ош облусунда — 2 млрд 502 млн сом;
- Баткен облусунда — 1 млрд 118 млн 400 миң сом;
- Жалал-Абад облусунда — 2 млрд 346 млн 900 миң сом.
Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2022-жылдын март айында 4 млрд 534 млн 200 миң сомду түздү.