Быйыл Апрель элдик революциясына 12 жыл болду. Бул күн мамлекеттин башкаруу системасын өзгөртүүгө түрткү болду.
7-апрелде карапайым калк адилетсиз бийликке каршы туруп, коррупцияланган, үй-бүлөлүк башкаруу режимин кулатышкан. Тилекке каршы бул окуяда токсонго жакын азаматтын өмүрү кыйылды. Бирок, өлкөнүн келечеги үчүн күрөшкөн жарандардын үмүтү акталган жок, - дешет эксперттер.