Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев туристтик бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда туризм тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде стратегияны иштеп чыгуу, коопсуздук, тармактын субъекттеринин реестрин түзүүнүн тартиби жана туристтер үчүн чакырууларды берүү механизми талкууланды.
Бакыт Төрөбаев туризмди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кызыкдар мамлекеттик органдар жана бизнес-ассоциациялар менен биргеликте орто мөөнөттүү мезгилге Туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Экономика жана коммерция министрлигине туризм тармагын стимулдаштыруу боюнча программаны иштеп чыгуу мүмкүндүгүн иликтөө тапшырылды.
Тышкы иштер министрлигине шенген жана америкалык визасы бар туристтер үчүн Кыргызстанга кирүүдө визасыз режимди киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун карап чыгуу жана бир айлык мөөнөттө Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын визалык режимдерин өз ара таануу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.
Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тийиштүү орун басарынын жетекчилиги астында бизнес жана кызыкдар мамлекеттик органдардын катышуусунда туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзүү чечими кабыл алынды.