Жаңылыктар
Бишкекте энергетикалык форум өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте энергетикалык форум өтөт

Министрлер Кабинети Дүйнөлүк банк тобунун көмөгү менен 8-апрелде Бишкекте "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын трансформациялоо келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергияга карай жолунда" форумун өткөрөт.

Иш-чаранын алкагында энергетикалык реформалардын жана инвестициялык кызматташуунун негизги багыттары, өлкөнүн энергетика тармагындагы реформалар, эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу маселелери талкууланат. Форумга Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, эл аралык өнөктөштөр, мамлекеттик орган өкүлдөрү жана инвесторлор катышат. 

Форум сессиялардын алкагында жеке сектордун катышуусунда күн энергетикасын өнүктүрүү боюнча Министрлер Кабинетинин приоритеттерин, энергетикалык секторду реформалоо стратегиясын, калкты социалдык жактан колдоо чараларын талкуулайт. Мындан тышкары, күн энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча талкуу орун алып, эл аралык финансы институттарынын ата мекендик энергетикалык секторду реформалоого кошкон салымы тууралуу айтылат.