УКМК тарабынан саламаттык сактоо тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системдүү иштердин алкагында элге лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн жеке менчик медициналык лабораториясынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча маалымат алынган.
Аталган компания саламаттык сактоо уюмдарында биоматериалдарды кабыл алуу пункттарын жайгаштыруу боюнча артыкчылыктуу укуктарды алуу максатында медициналык мекемелердин жетекчилерине жогоруда аталган лабораторияда гана изилдөөлөрдү базар баасында жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн акча каражатын системалуу түрдө берип турганы аныкталган.
Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында аталган ишкананын кызматтык имараты текшерилип, финансылык документтер, анын ичинде маркетингдин мыйзамсыз ыкмаларын жана өз кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн медициналык кызматкерлерге накталай акча каражатын төлөө менен абийирсиз атаандаштыктын колдонулушун тастыктаган "кош" бухгалтерия алынган.
Жогорудагы мыйзамсыз аракеттер өлкөнүн бюджетине салыктарды төлөөдөн качуу фактыларын да күбөлөндүрүп, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын баасын негизсиз жогорулатууга алып келет. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган ишкананын жетекчиси кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын аныктоодо.