Жаңылыктар
Эдиль Байсалов Женевада жолугушууларды өткөрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Эдиль Байсалов Женевада жолугушууларды өткөрүүдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жумуш сапары менен Женева шаарында жүрөт. 

Анын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин Президенти Питер Маурер менен жолугушту. 

Тараптар Кыргызстан жана эл аралык Кызыл Крест Комитетинин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Тактап айтканда, эл аралык гуманитардык укук, өзгөчө кырдаалдар, пенитенциардык тутум жаатында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды. 

Мындан тышкары, Эдиль Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын Аткаруучу катчысы Ольга Алгаерова менен жолугушту. 

Анын белгилөөсүндө, биздин республика БУУ ЕЭК менен туруктуу өнүгүү, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү жана адам укуктарын сактоо багыттары боюнча кызматташууну чыңдоого кызыкдар.