Кыргыз-өзбек чек арасында ок жеп эки кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында Кыргызстандын бир нече жараны аткезчлик жүктөрдү Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Алар өзбек чек арачыларынын токтотуу талабына баш ийишкен эмес. Жарандарды кармоо учурунда каршылык көрсөтүп, чыр чыккан. Мындан улам алар өз өмүрүн коргоо үчүн курал колдонуп, анын кесепетинен эки жаран каза болгон. Калган чек ара бузуучулар Кыргызстандын аймагына качып кирүүгө үлгүрүшкөн.
Өзбек чек арачыларынын маалыматына караганда, алар 20 миң доллардан ашык аткезчилик жүктү алып өтүүгө аракет кылышкан. Чек ара кызматы каза болгон жарандар Өзбекстанда туулуп, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алышканын белгиледи. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар Өзбекстандын паспортун да сактап калышкан.
Кечээ саат 17:55те окуя болгон жерде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жагдайды жеринен изилдешкен.
Натыйжада ар бир тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болуп сүйлөшүштү.