Бишкек шаарынын төрт районундагы калкты тейлөө борборлорунда Социалдык фонддун мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тейлөө пункттары ачылды.
Анда пенсияны чектөө үчүн документтер, кайра эсептөө, өлчөмү жөнүндө маалымат, пенсияны төлөөнүн мөөнөтүн узартуу жана сөөктү коюуда мамлекеттик жөлөк пул алуу боюнча арыздар кабыл алынат.
Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиевдин айтымында, мындай пунктар бир ай аралыгында Ош шаарында да ачылат.