Ош шаарында эми тарыхый жана маданий эстеликтер туурасында маалыматты QR-код аркылуу билсе болот.
Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Долбоор калаа башчысы Алмаз Мамбетовдун "Ош — Улуу Жибек Жолунун провайдери" программасынын алкагында ишке ашырылып жатат.
Долбоор жаштар арасында тарых жана маданиятты жайылтууга, Ош шаарында жана облуста туризм тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Эми смартфондон эстеликтер качан тургузулганын, адамдардын өмүр таржымалын, тарыхка кандай салым кошконун, сүрөттөрүн дароо көрө аласыз. Аларды кыргыз, орус жана англис тилдеринде окууга болот.
Учурда Ош шаарындагы жана облустагы 20 объектинин жанына QR-код орнотулган.