Опузалап пара алуу беренеси боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 85 миң сом пара алып жаткан учурда Биринчи май районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды.
Ал сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2 миң доллар пара талап кылып жаткандыгы боюнча Улуттук коопсуздук комитетине жаран кайрылган.
Кармалган тергөөчү УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.