Жаңылыктар
Кыргыз Эл акыны Омор Султанов акыркы сапарга узатылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз Эл акыны Омор Султанов акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын эл акыны, жазуучу, сценарист, коомдук ишмер, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Омор Султанов акыркы сапарга узатылды. 

Коштошуу зыйнатына өлкөнүн Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган расмий өкүлдөр, коомдук-маданий ишмерлер, туугандары, кесиптештери катышты. 

Анда Омор Султановдун өмүрү, чыгармачылыгы, ишмердүүлүгү тууралуу бир катар жылуу пикирлер айтылып, жасап кеткен эмгектери эскерилди. 

Маркумдун сөөгү "Ала-Арача" көрүстөнүнө жерге берилди.