Анкара шаарында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттигинин президенти Серкан Каялар жана вице-президенти Али Озгун менен жолугушту.
Тараптар интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Жыйынтыгында, STEAM билим берүү, аялдардын ойлоп табуучулугу жаатында, жалпы билим берүү мекемелериндеги инновациялык класстарды тахникалык жактан камсыздоо жана мектептердин мугалимдери үчүн атайын тренингдерди уюштуруу боюнча кызматташууну макулдашты. Ушул эле күнү Кыргызпатенттин директору Түркиянын патенттик ведомствосунун президенти Джемиль Башпинарга жолукту.
Туркиянын патенттик ведомствосу менен өнөр жай менчигин коммерциалаштыруу, эксперттерди кадрдык жактан даярдоо, аларды тиешелүү квалификациялык деңгээлге жетүүсүн колдоо, географиялык көрсөткүчтөр, товардык белгилер жана товар чыгарылган жердин аталышы боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууга алынды.