Жаңылыктар
Акылбек Жапаров терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун делегациясын кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун делегациясын кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун төрагасы Юрий Чиханчин жетектеген делегацияны кабыл алды. 

Ал белгилегендей, Кыргызстан кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун өз ара баалоо жана техникалык көмөк көрсөтүү программаларына зор маани берет, ал аркылуу улуттук каршы туруу тутумун өркүндөтүү чаралары кабыл алынат.

«Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы күрөшүүнүн укуктук жана институционалдык базасын түзүүдө жана бекемдөөдө уюмдун практикалык жардамын ар дайым сезип турабыз. Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин сактоого умтула тургандыгына ишендирип кетем. Биз өнүгүү багытындагы мамилелерибиздин улантууга ниеттенебиз», - деди Акылбек Жапаров.

Кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун төрагасы Юрий Чиханчин мындан ары кызматташууга, анын ичинде республикага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга каршы аракеттенүүдө эксперттик-консультативдик колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле мектеп окуучуларынын жана жогорку окуу жайдын студенттеринин арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу маселесинде жардам берүүгө даярдыгын билдирди.