Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал

5-апрелден 7-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматта айтылгандай, Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуулары, Чычкан капчыгайы, Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы, Казарман — Ак-Тал-Чат жолундагы Кара-Көө ашуусу, Каракол — Эңилчек жолундагы Чоң-Ашууда, Барскоон — Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. 

ӨКМ аба ырайы улам өзгөрүп жаткандыктан жолдор тайгак болуп, муз тоңорун эскертип, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши керектигин белгиледи.