Жаңылыктар
ЕАЭБ: дары-дармектердин жетишсиздигин алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ЕАЭБ: дары-дармектердин жетишсиздигин алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө

Евразия экономикалык биримдигинде дары-дармектердин жетишсиздигин алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын расмий өкүлү Ия Малкина брифингде билдирди. 

Анын айтымында, ЕЭК учурда төмөнкү маселелер менен алектенүүдө: өндүрүштүк потенциалды жана биримдиктин өлкөлөрүндө өндүрүштү локалдаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү; заманбап дары-дармек каражаттарын жана фармакологиялык субстанцияларды өндүрүүнү өнүктүрүүгө дем берүү үчүн союздун мыйзамдарын өркүндөтүү, техникалык жана бажы-тарифин жөнгө салуу. ЕАЭБ буга чейин дары-дармектерди жөнөкөйлөштүрүлгөн жана тездетилген каттоо, ошондой эле аралыктан каттоо жол-жоболору боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейткен.