Президент өз сөзүндө балдарыбызга бул дүйнөдө татыктуу пайдубалды камсыз кылып берүүгө милдеттүүбүз, - деди.
Ал белгилегендей, азыр бардык күч-аракеттер жана ресурстар бала бакча, мектептер, бейтапкана менен ооруканалар, маданият үйлөрү жана башка бардык социалдык тармактарга жумшап, ата-энесинин социалдык-материалдык абалына, шаардабы, же алыскы тоолуу айылдабы жашаган жерине карабастан, ар бир бөбөк жана өспүрүм бала үчүн - илим менен техниканын акыркы жетишкендиктерине, билим деңгээлине, маданий жактан бай болушуна жана сапаттуу саламаттыкты сактоого жетишин камсыз кылышыбыз милдет!