Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты.
Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Нурил Алымбаев Президенттин Чүй облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров облус башчысын жалпы эмгек жамаатына тааныштырып, Эркин Тентишев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулгандыгын билдирди.
"Чүй облусунун жаңы жетекчисинин алдында Президенттин Жарлыктарын жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин мындан ары ишке ашыруу боюнча бир топ түйшүктүү иштер турат. Аймактын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу, инвестиция тартуу жана жаңы өндүрүштөрдү түзүү боюнча чечкиндүү жана натыйжалуу кадамдар керек. Эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн бардык ыйгарым укуктар бар", - деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калктын түз диалогун түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. "Жарандардын ар бир кайрылуусу көңүл сыртында калбашы керек. Кандай гана маселе болбосун кечиктирбестен тез жана так чечилүүгө тийиш. Чүй облусунун жетекчилиги жер ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, ага чектеш өндүрүш ишканаларынын ишин жандандыруу, облуста 18 кичи ГЭСти куруу долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруусу зарыл", - деп айтты Акылбек Жапаров.