Убада аткарылды, бүгүндөн тартып, айлыктар көбөйдү - деди Президент Садыр Жапаров социалдык кызматкерлердин республикалык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө. Ал бул кабарды кубануу менен жарыялады.
"Өткөн жылы, өзүңүздөр билгендей, медиктердин айлыктарын көтөргөнбүз. Мен маданият тармагынын кызматкерлеринин айлыктарынан баштагым келип турат. Менин Жарлыгыма ылайык, биз айлык акыларды дээрлик 100 пайызга көтөрдүк. Бир-эки мисал айтайын. Эгерде Аламүдүн райондук борбордук китепкананын жетектөөчү китепканачысынын айлык акысы мурда 10 875 сом болсо, эми 1-апрелден баштап анын айлык акысы 21 845 сомго, 2 эсеге көбөйдү. Нарындагы мамлекеттик областтык тарыхый-этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери мурда 17 550 сом алса, эми 33 222 сом алат.
Айлык менен кошо бийик тоолуу жерлер боюнча кошумча үстөк толук сакталды.
Ош академиялык Бабур атындагы театрдын актёру мурда 17 700 сом алса, эми 28 239 сом айлык алат. Республикалык Баялинов атындагы балдар китепканасынын жетектөөчү китепканачысы мурда 9000 сом айлык акы алып келсе, эми 1-апрелден баштап 20 444 сом алат. Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлери боюнча да биз айлыкты орточо 2 эсеге жогорулаттык".