Жаңылыктар
"Кыргызстандын башкы байлыгы - калкы", - Садыр Жапаров
Кыргызстан жаңылыктары
"Кыргызстандын башкы байлыгы - калкы", - Садыр Жапаров

"Биздин мамлекеттин эң башкы байлыгы - биздин адамдарыбыз - Кыргызстандын көп улуттуу, таланттуу, ынтымактуу, сабырдуу жана тырышчаак эмгекчил эли". Бул туурасында Президент Садыр Жапаров бүгүн, социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында сүйлөлөгөн сөзүндө айтты. 

Мамлекет башчысы белгилегендей, табият жана тарых бизди куру кол калтырган эмес: өлкөбүз көптөгөн кен байлыктарга ээ. Биздин тоолор түрдүү ресурстарга бай. Жерибиз берекелүү жана кереметтүү кооз. Биздин өлкөнүн суулары мол жана мөлтүр таза. Кыргызстанда жанга жайлуу жана бактылуу жашоо үчүн бардык шарттар бар. Бирок, биздин ийгиликке жетүүбүздүн башкы ачкычы — бул биздин адам ресурсубуз, - деди Садыр Жапаров.