Бишкек шаардык мэриясынын буйругуна ылайык, "Бишкекжылуулуктармактары" борбордук жылытууну өчүрүүгө киришти.
Компаниядан билдиргендей, 2021-2022-жылдарга карата күзгү-кышкы жылытуу мезгили ийгиликтүү аяктады.
"Бүткүл жылытуу мезгилинде "Бишкекжылуулуктармактар" ишканасынын 900дөн ашык кызматкерлери үйлөрүңүздөгү жылуулуктун жана жайлуулуктун күзөтүндө турушту. Эми компания оңдоо иштерине жана алдыдагы 2022-2023-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине даярдык иштерине киришет", - деп айтылат маалыматта.
"Бишкекжылуулуктармактары" компаниясы 3 миң 500 турак үйдү, 71 медициналык мекемени 75 мектепке чейинки жана 56 мектепти жылуулук менен камсыздайт.