Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр корифейи, замандын залкар актёру Марат Алышпаев дүйнөдөн кайтты.
Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1972-жылы А.В. Луначарский атындагы Москва театр искусство институтун аяктаган.
Марат Алышпаев түрдүү жанрдагы ролдорду мыкты аткарган, чыгармачылыгын коомдук иштер менен айкалыштыра билген актёр болгону менен белгилүү.
Эл артистин акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, саат 13:00дө Токтоболот Абдумомунов атындыгы Кыргыз Улуттук драма театрында өтөт.
Маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында жерге берилет.