Жаңылыктар
Бишкекте социалдык тармакта эмгектенген кызматкерлердин Республикалык жыйыны өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте социалдык тармакта эмгектенген кызматкерлердин Республикалык жыйыны өтөт

Бүгүн, 4-апрелде, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин Республикалык жыйыны өтөт.

Өлкөнүн бардык аймактарынан билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарынын өкүлдөрү катыша турган иш-чарада республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Иш-чара КТРК жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир 10:00до башталат.