“Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында Бишкекке жакын жайгашкан конуш элинин демилгеси менен көчөттөр отургузулду. Бул конуш жакын арада жашыл аймакка айлануу аракетин көрүүдө. Жашоочулар ал үчүн бир катар демилгелерди уюштурган.
Кубатбек Орунбаев тиккен көчөттөр үйүнө көрк берет жана бир нече жылдан кийин бийик карагайга айланып абаны тазартат. Тянь-Шань карагайын отургузган үй ээси экологиянын сакталышына салым кошуп жатканына кубанычта. Кызы экөө биргелешип бир нече көчөт тикти.
Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылындагы Ата-Журт конушунда 750дөй түтүн отурукташкан. Конуштун аквтивисттери мамлекет башчысы демилгелеген “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында мамлекеттик органдарга кат жолдоп, 2 жарым миң арча жана 75 Тянь-Шань карагайынын көчөтүн алган. Жаш бак-дарактар ар бир үйгө таратылып берилди жана аны сугарып, багып өстүрүү милдети жүктөлдү.