Алыскы аймактарды эске албаганда өлкөдө эл жана турак жай каттоо 3-апрелде аяктайт. Каттоого алына электер чочулоого негиз жок. Өнөктүк 3-апрелде дагы жүргүзүлөт.
4-6-апрель күндрү тактоо иштери уюштурулат. Каттоочулар ар бир онунчу үйдү кыдырып каттоодон өтүп өтпөгөнүн текшерет. Эгер кимдир бирөө өтпөй калса, кайра каттоого алынат. Мындай ыкма Кыргызстанда буга чейин дагы кодонулган.