Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Пакистандын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Моид Юсуфтун чакыруусу менен "Коопсуздук боюнча Исламабад диалогу" конференциясынын 2-сессиясына видео байланыш форматында катышты. Иш-чара Казакстандын, Катардын, Кытайдын, Пакистандын, Сауд Арабиясынын жана Өзбекстандын коопсуздук кеңешинин катчыларынын катышуусунда өттү.
Азиядагы коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча жемиштүү пикир алмашуу болду. Ошону менен бирге Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин учурдагы жаңы коркунуч жана чакырыктарга өз убагында жана натыйжалуу реакция кылуусу боюнча өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуунун актуалдуу багыттары талкууланды.
Марат Иманкулов белгилегендей, бир дагы өлкө өз алдынча заманбап глобалдык чакырыктарды жеңе албайт. Ал дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал мамлекеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү, бул ишке системалуу жана комплекстүү мамиле кылуу зарылдыгын түздөн-түз көрсөтүп жатканын баса белгиледи. “Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун форматына катышууга өзгөчө маани берет. Биздин мамлекет ШКУнун олуттуу ыйгарым укуктары жана чоң таасир чөйрөсү бар эл аралык институт катары потенциалын мындан ары жогорулатуу боюнча бекем позицияны карманат”, - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов.