Жаңылыктар
Кыргызстан каржы уюмдардан 9 млрд. 945 млн. сом алат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан каржы уюмдардан 9 млрд. 945 млн. сом алат

2022-жылы Кыргызстан Эл аралык каржы донорлорунан мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн 9 млрд. 945 млн. сом алат. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады. 

Ага ылайык, 663 млн. сом Дүйнөлүк банктан, 2 млрд. 210 млн. сом Азия өнүктүрүү банкынан жана 7 млрд. 72 млн. сом Евразия өнүктүрүү жана турукташтыруу фондунан алынат. Маалыматта айтылгандай, жалпысынан быйылкы бекитилген бюджеттин 47 млрд. 481 млн. сому сырттан алына турган каражат болмокчу. 2022-жылга жалпы мамлекеттик бюджет 403,9 млрд. сом деп бекитилген. Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен быйыл республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 282,1 млрд. сом, чыгашасы 291,2 млрд. сом болот.