Жаңылыктар
Бишкектин түштүк тарабында жайгашкан “Адинай” эс алуу багында көчөт отургузулду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин түштүк тарабында жайгашкан “Адинай” эс алуу багында көчөт отургузулду

Бишкектин түштүк тарабында жайгашкан “Адинай” эс алуу багында көчөт отургузулду. Бишкекти көркөндүрүүгө салым кошуу демилгесин Ысык-Көл облусунун жаштары көтөрүп, аны улуу муундун өкүлдөрү жана шаар бийлиги колдоого алды. 

Бак тигүүнүн жүрүшүндө мэр Эмилбек Абдыкадыров ишембиликке катышкандардын “Адинай” паркын жакшыртуу боюнча сунуштарын укту. Парк пандемия учурунда элдин саламаттыгына кам көрүп жүрүп ооруканада көз жумган студент кыз Адинай Мырзабекованын атынан аталып жүрөт. Ишембиликке катышкандар гүл бактын мындай аталышын расмий түрдө документтештирип, атайын такта орнотуу демилгесин да көтөрүштү.