Жаңылыктар
Таштандыга каршы туруу мүмкүнбү?
Кыргызстан жаңылыктары
Таштандыга каршы туруу мүмкүнбү?

Шаардык таштанды жайы акыркы он жылда 12 гектардан ашык кеңейип, маселе жыл өткөн сайын курчуп келатат. Аны чечүүгө калаага мэр болгон баардык жетекчилер убада бергени менен, ушул күнгө чейин анын зыяны шаардыктарды түйшүккө салууда. Бүгүн элдик депутаттардын тобу маселени жеринен көрүп, аны чечүү жолдорун калаа башчысы менен бирге талкуулады.