Балыкчы – Кочкор инфраструктуралык долбоору темир жол тармагынын тарыхындагы жаңы барак болуп калды. Себеби союз кулап, кыргыз темир жолу мекемеси түзүлгөндөн бери бир дагы чакырым жаңы темир жол курулган эмес.
Жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу эки этапка бөлүнгөн. Биринчиси Балыкчы - Кочкор жолу 63 километр тилке. Тарыхта биринчи жолу салынып жаткан темир жолдун курулушун Президент Садыр Жапаров расмий баштап берип, социалдык-экономикалык маанисине токтолду.