Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ун комбинаттарынын, өсүмдүк майын жана кумшекер өндүрүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жыйырмадан ашуун компаниянын өкүлдөрү катышкан жыйында Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү агроөнөр жай секторунун ролун жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Министрлер Кабинети тарабынан агрардык секторду мамлекеттик колдоого алуу, жеңилдетилген насыя менен камсыздоо аркылуу агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. "Негизги 9 айыл чарба кластерине 10 млрд сом бөлүнгөн. Мамлекеттик банктар жылдык 6 пайыз менен кредиттик каражаттарды бере баштады", - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары. Жолугушуунун жүрүшүндө агроөнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.