Баткендин Лейлек районунун Маргун айылында жаңы мектеп ачылды. Ал 330 окуучуга ылайыкташкан, акыркы заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылган. Балдар, кыздар үчүн эмгек бөлмөлөрү уюштурулган. Мектеп өзбек өкмөтү тарабынан белекке акысыз курулду.
Заманбап билим берүү мекемесин куруу боюнча былтыр март айында Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапарында жетишилген. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов мектептин расмий ачылышына видеоконференция байланышы аркылуу катышышты.
Акылбек Жапаров, өзбек тарапка ыраазычылыгын билдирип, аталган социалдык объекти эки элдин достугунун далили экенин билдирди. Өзбек премьери эки мамлекет башчыларынын былтыркы жолугушуулары учурунда жетишилген келишимдер ишке ашырыларын убада кылды. Бүгүн, Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Аны "Ош" эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.