Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Сауд Аравия Падышалыгынын элчиси Ибрахим Аль-Радини кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Сауд Аравия Падышалыгынын элчиси Ибрахим Аль-Радини кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Сауд Арабия Падышалыгынын элчиси Ибрахим Аль-Радини кабыл алды. Жолугушууда саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды. 

Акылбек Жапаров эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин катарына кыргыз-сауд бизнес форумун, өкмөттөр аралык комиссиясынын 3чү жыйынын өткөрүү, ошондой эле эки өлкө ортосунда туруктуу авиакаттамдарды ачуу кирерин билдирди. Ошону менен бирге тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун, көп тараптуу платформаларда жана эл аралык уюмдарда кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.