Араван районунун аймагында "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын лидери кармалды.
Ош облусунун аймагында "экстремист" аталыштагы ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Араван районунун 53 жаштагы тургуну кармалды.
Кармалган жаран Кыргызстандын аймагында үгүт жана пропаганда иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний экстремисттик агымынын идеялогияларын колдоп жана аларды үгүттөп, 2022-жылдын февраль айына чейин жашыруун түрдө башка облустун аймактарынан аталган диний экстремисттик топтун мүчөлөрүн алып келип, үгүт-насаат иштерин жүргүзүп жүргөндүгү аныкталган.
Козголгон кылмыш иши боюнча атайын тергөө амалдарынын жыйынтыгында анын турак жайынан диний экстремисттик маанидеги материалдар алынды.
Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.