Жаңылыктар
Кыргыз - герман алакасы. Руслан Казакбаев менен Анналена Бербоктун сүйлөшүүлөрү болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - герман алакасы. Руслан Казакбаев менен Анналена Бербоктун сүйлөшүүлөрү болуп өттү

Берлинде Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Германиянын Федералдык Тышкы иштер министри Анналена Бербоктун сүйлөшүүлөрү болду. 

Анда эки жана көп тараптуу форматта кыргыз-герман алакасын мындан ары чыңдоо талкууланды. Анын алкагында өз ара сапарларды уюштуруу, эки өлкөнүн мамилелерин жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн тиешелүү документтерге кол коюунун маанилүүлүгү айтылды. 

Германия Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнө зор салым кошкон артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири экендигин айтты. 

Өлкө башчысынын "жашыл экономикага" өтүү жана климаттын өзгөрүшүнө ийкемдешүү боюнча, анын ичинде эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берген "Жашыл Борбордук Азия" программасынын алкагында жарыяланган демилгелерди жана тапшырмаларды ишке ашырууда кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.