Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору аяктаса Кыргызстандагы эң ири ГЭС болуп калат.
Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу жылына 4 млрд. кВт/с электр энергиясын өндүрсө, салына турган ГЭСтин кубаттуулугу 1860 МВт, тагыраагы жыл сайын 5 млрд кВт/с электр энергиясын өндүрүп турат. Долбоор боюнча Токтогул ГЭСинин тосмосунун бийиктиги 215 метр болсо, "Камбар-Ата-1" ГЭСиники 275 метр болот деп пландалууда.
Киреше булагын көбөйтүп, сырттан сатып алууну азайтуу максатында энергетикалык кубаттуулук күчөтүлүп, кошумча станциялар курулат. Бул тууралуу кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров белгилеген. Мунун баары ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. Бир эле Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга 498 млн доллар керек болсо, анын 20 млн доллары даяр. Бул долбоорлор аягына чыкса өлкө энергетикалык көз карандысыздыкка жетет.
ГЭСти курулуп бүтсө жеке эле Кыргызстан эмес, коңшу өлкөлөрдүн да энергетикалык көз карандысыздыгына жол ачылат. Бул тууралуу мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр май айында болоору күтулүүдө.