Жаңылыктар
Түп районунда мультидиагностикалык мобилдик клиника ишин баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Түп районунда мультидиагностикалык мобилдик клиника ишин баштады

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 8 бөлүктөн турган мультидиагностикалык мобилдик клиника ишин баштады. Ал Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундарына 2 ай бою акысыз медициналык жардам көрсөтөт. 

Мобилдик клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ, маммограф, рентген-аппарат бөлүмдөрү иштейт. Ошондой эле гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу медициналык жабдуулар бар. Аны менен катар эле биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы бар. Сапаттуу медициналык жардам алууну каалаган тургундар жергиликтүү ФАПтарга кайрылып, кезекке туруулары керек.