Министрлер Кабинети Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө чечимди жактырды. Кеңешти Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт.
Анын негизги максаты макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алуу жолу аркылуу өлкө экономикасын стабилдештирүү, туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү.
Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү 10дон ашуун маселени карады.
Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы өткөрүү пункту, бажы көзөмөлү жана "Ысык-Көл" аэропорту авиакомпанияларга жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында күнү-түнү иштей турган болду.