Бүгүн, бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.
Маалыматка ылайык, салык органдары декларацияны түнкү саат он экиге чейин кабыл алышат. Жеке адамдар декларацияны кагаз жүзүндө же электрондук түрдө, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер электрондук түрдө гана тапшыра алышат.
Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер. Жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер.
Салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун ээлери. Юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.