Чүй облусундагы дыйкан чарбанын жетекчиси кант кызылчасынын аянтын кеңейтүү үчүн дыйкандарды ага кызыктыруу зарыл деп эсептейт.
Былтыр суу тартыштыгы жана кант кызылчасынын баасынын төмөн болушу анын аянттарынын азайышын шарттады. Быйыл болсо март айындагы жаан-чачын түшүмдүүлүктү жогорулатат деп күтүлүүдө.
Айыл чарба министрлиги дыйкандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кант кызылчасын көп өстүрүүнү сунуштап жатат. 14 миң гектар жерге айдалса өлкөнү кумшекер менен 75 пайызга камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Айыл чарба министрлиги беш жылдын ичинде кумшекерди сырттан алып келбей, өлкөнү ички продукция менен жүз пайызга камсыз кыла турган деңгээлге жетүү максат кылынып жатканын билдирүүдө.