Кино тармагын жаңыча көз карашта өнүктүрүүнү максат кылган "Кино-шам" талкуусу өттү. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде продакшн-студиялардын, Улуттук "Кыргыз фильм" киностудиясынын өкүлдөрүнүн жана жаштардын катышуусунда болгон иш-чарада жаңыча ой жүгүрткөн чыгармачыл чөйрөнү өнүктүрүү маселеси каралды.
Кыргызстандын киноиндустриясынын бүгүнкүсү жана келечегин талкуулоо, андагы автордук укук жана чектеш укуктарды каттоо, заманбап турмушта кыргыз тасмаларын өндүрүү тууралуу ойлор ортого салынды. Жыйында ошондой эле дүйнөлүк кино рыногуна кирүү жолдору да талкууланды.