Бишкек - Ош жана Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолдорунда тоодогу кар катмарлары түшүрүлүүдө. Мындан улам Бишкек - Ош унаа жолунда убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул иштер республиканын бийик тоолуу райондорундагы абанын кескин өзгөрүшү жана күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам жасалууда. Артиллериялык куралды колдонуу менен кар катмарын түшүрүү иштери 4-апрелге чейин уланат. Буга байланыштуу Транспорт министрлиги каттамдарды алдын ала пландаштырууну эскертет. Кырсык катталган учурда "112" номерине чалсаңыз болот.