Жаңылыктар
Талант Мамытов Федералдык кеңештин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов Федералдык кеңештин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту

Төрага Талант Мамытов Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. 

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу тууралуу сөз болду. 

Байланыштарды чыңдоодо парламенттер аралык кызматташтыктын ролу жогору экенин айткан Талант Мамытов КМШ ПАА, ЖККУ ПА сыяктуу парламенттик уюмдардын аянтчаларында тыгыз байланышты кеңейтүү зарылчылыгын кошумчалады. 

Эки өлкө ортосундагы аба каттамдарына киргизилген чектөөлөрдү алуу тууралуу Россиянын чечимдерин канааттануу менен белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы унаа жана темир жол каттамдарына да киргизилген чектөөлөрдү алуу маселесин көтөрдү.

Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко жакында эле өткөн эки тараптуу жолугушуу тууралуу сөз кылып, анда парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүүгө тиешелүү бир катар маселелер талкууланганын айтты.