Жаңылыктар
Окумуштуу Карбоз Дыйкановго 100 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Окумуштуу Карбоз Дыйкановго 100 жыл

Окумуштуу Карбоз Дыйкановдун кыргыз ысымдары боюнча колдонмо, кыргыз тилинин программасы, тилдин фонетикасы менен лексикасы, кыргыз тилиндеги үндүүлөр сыяктуу бир катар колдонмолору Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканасына тапшырылды. 

Атайын уюштурулган көргөзмөдө китептери, газеталык макалалар, фотодокументтер, көрүнүктүү окумуштуулардын эмгектери коюлган. 

Кыргызстандагы 20-кылымдын көрүнүктүү тилчиси Карбоз Дыйканов 1922-жылы Пишпекте төрөлгөн. Талыкпаган эмгегинин арты менен филология илимдеринин кандидаты, профессор, билим берүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, СССР Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы, эки орден, тогуз медаль менен сыйланган. 

Ал 50 жылдан ашык илимий-педагогикалык жолунда кыргыз тилинин ар кандай маселелерине байланыштуу 300 басма табактан ашык 50гө жакын китебин чыгарган.