Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Баткен облусуна арзандатылган ун, кумшекер жана өсүмдүк майы жеткирилүүдө.
Буга чейин кумшекердин килограммын 100 сомдун тегерегинде алып жаткан Баткен шаарынын тургундары эми аны 71 сомдон сатып алууда.
Баткен шаарына бөлүнгөн азык тулүктөрдүн бул биринчи гана бөлүгү. Жакынкы күндөрдө арзандатылган ун жана өсүмдүк майы дагы жөнөтүлөт. Облуска бөлүнгөн 130 тонна кумшекердин 97 тоннасы, 60 миң литр өсүмдүк майынын 41 миң литри район, шаарларда сатылууда.
Бул аракеттер өлкө аймагындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана биринчи керектелүүчү азыктарды элге арзан баада жеткирүү ишинин алкагында жүрүүдө.