Кыргызстандын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Ислам кызматташтык уюмунун башкы катчысы Хиссейн Брахим Тахага Кыргызстандын Ислам кызматташтык уюмунун алдындагы туруктуу өкүлү катары ишеним грамотасын тапшырды.
Таха элчи Мариповду Кыргызстандын Сауд Арабиядагы дипломатиялык миссиясынын башчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө татыктуу кызмат кылат деген ишенимин билдирди.
Өз кезегинде элчи Марипов дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө дүйнөдөгү тынчтыкты орнотуу жана коопсуздук маселелери маанилүү экендигине токтолду.
Жолугушуунун соңунда элчи башкы катчыга асыл демилгелерди ишке ашырууда жана ислам баалуулуктарын коргоодо, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоодо мындан аркы ийгиликтерди каалады.