Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын мааракелик отурумунда күн тартибине киргизилген бир катар маселелер каралды.
Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо салган КМШ ПААнын байкоочулар миссиясынын ишмердүүлүгү талкууланып, Төрага Талант Мамытов аталган маселеге кеңири токтолду.
Муну менен катар саясий өнөктүккө мониторинг кылуу үчүн байкоочулар миссиясын жөнөткөндүгү үчүн КМШ ПААнын Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенкого жана Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилерине ыраазычылык билдирди.
Андан тышкары жыйында КМШ ПААнын Кеңешинин Башкы катчысын дайындоо маселеси каралып, Талант Мамытов аталган кызмат ордуна Дмитрий Кобицкийдин кайрадан дайындалышын колдой тургандыгын билдирди.
Жыйынтыгында Дмитрий Кобицкий кайрадан КМШ ПААнын Кеңешинин Башкы катчысы болуп дайындалды.
Ошондой эле отурумда КМШга мүчө өлкөлөр ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттырууда Ассамблеянын ролу тууралуу сөз болуп, парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө байланышкан сунуштар айтылды.
Отуз жыл ичинде жасалган иштерге токтолгон Валентина Матвиенко Ассамблеянын өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга сыйлыктарды тапшырды. Анын ичинен Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовго “КМШ ПААнын 30 жылдыгы мааракелик медалы” ыйгарылды.