Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров мал базарлардын абалын кескин сындап, иретке келтирүүнү тапшырды. Каракол шаарындагы базарды мисал келтирди. Өлкөнүн бардык мал базарларында тиешелүү шарт түзүүгө атайын мөөнөт белгиленди.
Мал базарда эл ылайды тепсеп басууга аргасыз. Каракол шаарындагы жамгырдан кийинки көрүнүш базарга келгендерди нааразы кылды.
Базардагы көрүнүш камтылган видеону Министрлер Кабинетинин Төрагасына жөнөтүшкөн. Ал бул маселени Президенттин Администрациясынын аппараттык кеңешмесинде көтөрдү.