Ата-энесинен ажыраган балдар кандай гана шартта күн көрбөсүн мамлекет тарабынан ай сайын бериле турган пенсиялык каражатты алышы керек. Бул алардын толук укугу. Андан тышкары быйыл 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 50% жогорулап, көбөйгөнү жатат. Бул туурасында Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров журналисттер үчүн уюшулган маалымат жыйында айтты.
Ата-энесинин бирөөнөн же болбосо экөөсүнөн тең ажыраган балдар кандай гана шартта жашабасын, кимдин колунда тарбияланып жатпасын мамлекет кепилдеп берген пенсияны алышат. Бул жаатта бөлүнгөн акча былтыркы жылдан бери бир нече эсеге көбөйдү.