Жаңылыктар
"Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууда

"Элдик курултай жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору коомдук талкууда. Долбоордо "Элдик курултай - коомдук өкүлчүлүк, кеңешүүчү, байкоочу орган катары коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет" деп белгиленген. Ушул тапта сунуштар менен сын-пикирлер Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук камсыздоо бөлүмү аркылуу кабыл алынууда.

"Элдик Курултай жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын долбоорун талкуулоо 3-апрелде аяктайт. Ал президенттин мыйзам чыгаруу демилгесинин алкагында Конституциянын 2-беренесинин 7-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору 22 беренеден турат.

Президенттин Жарлыгында белгилегендей, республиканын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өзүнүн өкүлдөрү аркылуу катышат. Мыйзам долбооруна ылайык, жергиликтүү айыл аймагынын, райондун, облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын жана жалпы республикалык курултай өтөт.