Жаңылыктар
Россиядан 7 миң тоннага жакын дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү келет
Кыргызстан жаңылыктары
Россиядан 7 миң тоннага жакын дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү келет

Кийинки жумада Россиядан 7 миң тоннага жакын дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү келет. Сапаттуу үрөн менен камсыздоо максатында бюджеттен бөлүнгөн каражатка 14 миң тоннадан ашык үрөн алуу келишими түзүлгөн.

Кыргызстандын түштүк аймагында жазгы айдап-себүү иштери дээрлик аяктап калды. Жалпы 80 пайыз жумуш аткарылып, тоолуу аймактарда эми жанданды. Ал эми өлкөнүн түндүгүндө аба ырайына байланыштуу айдоо аянттын 50 пайызы иштетилген. Күн ачылса иш кызыганы турат. 

Дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо иштери уланууда. Россиядан келчү үрөндүн экинчи бөлүгү Казакстандын чек арасына жеткен. Кийинки жумада жер иштетүүчүлөргө таратыла баштайт. Күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгын болтурбоо боюнча дагы иштер жүрүүдө. Мамлекеттик материалдык резервден жазгы талаа иштерине 5 миң тонна дизель майы даярдалып, кампада турат. Бүгүнкү күндө жазгы талаа иштерине орто эсеп менен 40 миң тонна дизель майы керектелээри аныкталган. Айыл чарба министринин орун басарынын айтымында, 72% дизель майы камсыздалган.